Чүйдө тоодо адашып кеткен индиялык жарандар табылганын 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 10 индиялык Кегети капчыгайындагы Көлтөр деген жерге эс алууга барып, жолдон адашып кеткен.
Куткаруучулар Токмок шаарынан 13-октябрда саат 22:30да жөнөп кетип, аларды саат 05:27де табышкан.
Адашкандарды таап, тийиштүү кызматкерлерге аман-эсен өткөрүп беришти.
Кыргызстанда Индиядан келген миңдеген студенттер билим алат. Турист катары, иш менен келгендер да бар. (RK)
Дагы караңыз
Президент башкарган өкмөт ишке кириштиБеларуста оппозициянын Телеграм- каналдарына катталгандар кылмыш жообуна тартылатПутин: Муратов "чет элдик тыңчылардын" тизмесине кириши мүмкүнНорвегияда жаа менен куралданган адам беш кишини өлтүрдү