Сузакта тамакка уулангандардын саны 100дөн ашты

Бек-Абаддагы оорукана. Жалал-Абад

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-ашка ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 106га жетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" 13-октябрда райондук жалпы дарыгерлер тажрыйба борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Асадилла Мурсалиев билдирди. Ооруканага кайрылгандардын көбүнүн ичи өтүп, кусуп, дене табы көтөрүлгөн.

Анын айтымында, Бек-Абаддагы ооруканага бейтаптар 11-октябрдын түнүнөн тартып кайрыла баштаган.

Учурда ооруканада 16 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө жаш бала, арасында эки кош бойлуу аял да бар.

Бейтаптар жылкынын этинен ууланышы мүмкүн экенин айтышууда. Маалым болгондой, 10-октябрда Бек-Абад айылында той өткөн. Анда жылкы союлган. Уулануунун себеби лабораториялык жол менен азырынча аныктала элек.

Быйыл марттын башында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда адам өмүрүн алган уулануу фактысы боюнча ачылган кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөн. Жүргүзүлгөн соттук-химиялык, биологиялык жана медициналык экспертизалардын жыйынтыгында каза болгондор метил спиртинен (метанол) ууланганы аныкталган. (TB)

Дагы караңыз

Президент Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындаган жарлыкка кол койдуУКМК кызматкеринин зомбулугуна кабылганын айткан журналист маселеси парламентте айтылдыЕБ Кыргызстанда жарандык коом менен иштөөнүн жаңы жол картасын кабыл алды Садыр Жапаров: Жаңы өкмөт туруктуу жана узак иштейт деп ишенемАКШнын Жогорку соту Царнаевдин ишин карайт