Президент Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындаган жарлыкка кол койду

Министрлер кабинетинин жаңы курамы.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындаган бир катар жарлыкка кол койду. Ага ылайык айрым жетекчилер мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, айрымдары жаңы дайындалды.

Ага ылайык:

-Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри;

- Алмаз Бакетаев - финансы министри;

- Руслан Казакбаев - тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри;

- Аяз Баетов - юстиция министри;

- Эркинбек Осоев - транспорт жана коммуникациялар министри;

- Аскарбек Жаныбеков - айыл чарба министри;

- Доскул Бекмурзаев - энергетика министри;

- Динара Кутманова - жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;

- Алымкадыр Бейшеналиев - саламаттык сактоо министри;

- Болотбек Купешов - билим берүү жана илим министри;

- Азамат Жаманкулов - маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

- Кудайберген Базарбаев - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;

- Бактыбек Бекболотов - коргоо министри;

- Улан Ниязбеков - ички иштер министри;

- Бообек Ажикеев - өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды.

Президент ушул эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарларын дайындаган жарлыкка кол койду.

- Арзыбек Кожошев - Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;

- Азиз Аалиев - экономикалык блок боюнча орун басары;

-Эдил Байсалов - социалдык блок боюнча орун басары;

- Камчыбек Ташиев - Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалды.

11-октябрда президент Садыр Жапаров кол койгон Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга ылайык өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөрдү.

12-октябрда президент билдирүү таратып, Акылбек Жапаров быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жабууну, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатууну убада бергенин, эгер ага жеткире албаса чара көрө турганын билдирген.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана кабинет мүчөлөрүн дайындоого макулдук берген. (KE)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров президенттин администрациясын да жетектейт УКМК кызматкеринин зомбулугуна кабылганын айткан журналист маселеси парламентте айтылдыГермания Беларус аркылуу келген мигранттардын саны өскөнүн билдирдиТүркияда кыргызстандык келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарландыТажик президенти Эмомали Рахмон Парижге барды