АКШнын Жогорку соту Царнаевдин ишин карайт

Дээрлик 8,5 жыл мурдагы Бостондо болгон жардырууга айыпталган Жохар Царнаев.

13-октябрда АКШнын Жогорку соту Бостон шаарындагы жардыруу боюнча айыпталган Жохар Царнаевге чыккан өлүм жазасын калыбына келтирүү маселеси боюнча аргументтерди уга баштайт.

Былтыр Кошмо Штаттардагы доо арыздар боюнча төмөнкү инстанциядагы сот Царнаевди күнөөлүү деп тапкан сот арачылары толук текшерүүдөн өтпөгөнүн белгилеп, өкүм боюнча кайрадан сот болушу керек деген бүтүмгө келген. Бирок мурдагы президент Дональд Трамптын тушунда АКШнын Юстиция министрлиги бул чечимге каршы арызданган жана бул арыз президент Жо Байдендин тушунда да уланган.

Улуту чечен 27 жаштагы Царнаев Кыргызстанда туулган. 2013-жылдын апрелинде Бостон марафону учурунда 3 кишинин өмүрүн алган, жүздөгөн кишини жарадар кылган теракт үчүн 2015-жылы айыптуу деп табылган. Агасы Тамерлан жардыруу болгондон кийин полиция менен атышууда окко учкан. Сот арачылары Жохар Царнаевди 30 беренеден турган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, кийинчерээк аны өлүм жазасына тартуу чечимине келген.

Адвокаттары ага-ини кол салганын моюнга алуу менен бирге Тамерланды радикалдашкан уюштуруучу катары сүрөттөп, инисин агасынын таасири астында калган жаш жигит деп коргоп келишти.

Прокуратура Жохар ал кол салуу үчүн агасындай эле күнөөлүү деп тапкан. Кылмышкерлер жардырууну АКШ мусулман өлкөлөрүндө жүргүзүп жаткан согуштар үчүн жазалоо экенин айтышкан.

АКШнын Жогорку соту бул иш боюнча 2022-жылдын июль айында өкүмүн чыгарары күтүлүп жатат.

Дагы караңыз

Сузакта тамакка ууланган 70тей адам ооруканага кайрылды Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттерде чектөө алындыБишкек: акимчиликтин кызматкери бала асыроого байланыштуу пара алган деп шектелүүдө Кытай Кыргызстан аркылуу Европага товар алып өтүүнү сурандыМосквада COVID-19га чалдыккан окуучулардын саны өстү