Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерине киргизилген чектөөлөр толук алынды. Бул тууралуу 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында маалымат берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди:
“Эки күндөн кийин “Торугарттан” 32 эмес, 64, “Эркеч-Тамдан” 22 эмес, 44 машина кире баштайт. Кытайдын талаптарынын баарын толук аткарып бүттүк. “Торугарт” бүгүнтөн баштап тоскоолдуксуз иштей баштады. “Эркеч-Там” эки-үч күндө баштайт”.
Кытайдан товар оор жүк ташуучу машиналар менен ушул эки бекет аркылуу ташылып келет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу алар дээрлик жабылып, соодагерлер товарын ала албай калган. Мындан улам алар нааразылыгын билдирип, өкмөттөн маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн. (RK)
Дагы караңыз
Түркияда чет өлкөлүк кримтөбөлдөр депортацияландыБишкек: акимчиликтин кызматкери бала асыроого байланыштуу пара алган деп шектелүүдө Кытай Кыргызстан аркылуу Европага товар алып өтүүнү сурандыМосквада COVID-19га чалдыккан окуучулардын саны өстү