HRW Өзбекстандагы шайлоого байланыштуу чектөөлөрдү сындады

Президент Шавкат Мирзиёев 24-октябрдагы шайлоодо жеңип чыгары күтүлүүдө.

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) укук коргоо уюму Өзбекстандагы президенттик шайлоого талапкерлерди каттоого байланыштуу чектөөлөрдү сындап, өлкөдө адам укуктары багытында "артка чегинүүлөр" бар экенин билдирди. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан бул уюм мындай мазмундагы билдирүүсүн 13-октябрда таратты.

Анда уюм Өзбекстанда каттоодон өткөн партиялар көрсөткөн талапкерлер гана президенттик шайлоого катыша алат деген талап "кеңири саясий топторду саясий өнөктүктөн обочодо калтырып койгонун" белгиледи. Ал үчүн "Эрк" демократиялык партиясы менен "Чындык жана өнүгүү партиясынын" талапкерлеринин каттоодон өтпөй калганын мисал келтирди.

"Эрктин" атынан талапкер болууну көздөгөн ырчы Жахонгир Атажанов жаалданган топ партиялаштарынын жыйынын үзгүлтүккө учураткандан көп өтпөй саясаттан кеткенин жарыялаган.

"Чындык жана өнүгүү партиясынын" жактоочулары да, президент Шавкат Мирзиёевдин саясатын сындаган башка активисттер да кысымга туш болгонун айтып келишет.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон Өзбекстан реформачыл аракеттери менен эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурганын, бирок соңку окуялар реформа жасоо тууралуу билдирүүлөрдүн чегин көрсөтүп койгонун айтты.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт. Анда экинчи президенттик мөөнөтү үчүн ат салышкан Мирзиёев жеңип чыгары күтүлүп жатат. Мирзиёевден тышкары бийликти сындабаган дагы төрт талапкер шайлоого катышууда. Буга чейин өзбек президенти өлкөдө оппозициянын болушуна каршы эмес экенин билдирген болчу.

Дагы караңыз

Сузакта тамакка ууланган 70тей адам ооруканага кайрылды Ташиев: Райымбек Матраимовду эч ким калкалабайтТокаев Назарбаевди Азиядагы уюмдун Аксакалдар кеңешинин төрагалыгына сунуштады"Мен - Малала" аттуу китептин бет ачары болду