Сузакта тамакка ууланган 70тей адам ооруканага кайрылды

Оорукана. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-ашка ууланган 70тей тургун ооруканага кайрылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" 13-октябрда райондук жалпы дарыгерлер тажрыйба борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Асадилла Мурсалиев билдирди.

Анын айтымында, Бек-Абаддагы ооруканага бейтаптар 11-октябрдын түнүнөн тартып кайрыла баштаган.

Учурда ооруканада 14 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө жаш бала, арасында кош бойлуу аял да бар.

Бейтаптар өзүлөрү жылкы этинен ууланышы мүмкүндүгүн айтууда. Маалым болгондой, 10-октябрда Бек-Абад айылында той өткөн. Анда жылкы союлган. Уулануунун себеби лабораториялык жол менен азырынча аныктала элек. (TB)

Дагы караңыз

Равшан Жээнбеков талапкер боло алабы?  "Мен - Малала" аттуу китептин бет ачары болдуКиев-Брюссел: кызматташтыктын жаңы деңгээли 14-октябрдын аба ырайы