Парламентте жаңы өкмөт маселеси каралууда

Жогорку Кеңеш имараты.

Жогорку Кеңеш бүгүн 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана кабинет мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү маселесин карап жатат. Өз сөзүндө өкмөт башчылыкка сунушталган Акылбек Жапаров өлкөгө жаңы экономикалык саясат керек болуп жатканын айтты:

“Анын негизинде таза эмгек, адилеттүү салык, социалдык теңчилдик болот. Өнүктүрүүнүн негизги төрт вектору боюнча аракет кылуубуз керек. Алар: экономиканы фискалдаштыруу жана санариптештирүү, айыл чарбасын реформалоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, чакан жана орто бизнести колдоо, көмүскө экономикага каршы күрөшүү”.

11-октябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөрүүдө.

12-октябрда президенттин жарлыгы менен Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Министрлер кабинетинин азыркы курамы кызматтан кетти. Кабинет мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар жаңы курам түзүлгөнчө өз милдеттерин аткарууну улантат.

Парламенттин тийиштүү комитети жаңы өкмөткө макулдугун 12-октябрда берген. (RK)

Дагы караңыз

ЖМК комиссиясы шайлоого аттанган журналисттерге кайрылдыДепутат Бекешев: Добуш сатып алуунун жаңы ыкмасы пайда болууда (видео)Евробиримдик газ кымбаттагандан бери көмүр колдонууну карап жататUNICEF: Өзбекстанда кыз-келиндердин 68% интернетти колдонгон эмес