UNICEF: Өзбекстанда кыз-келиндердин 68% интернетти колдонгон эмес

Uzbekistan - Uzbek girls are picking cotton in Tashkent region, undated

Өзбекстанда 14 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндердин 68% эч качан интернет колдонгон эмес.

Мындай тыянакты Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарды коргоо фонду атайын жүргүзүлгөн изилдөөдөн кийин чыгарды.

Компьютердик сабаты ачылбагандардын 43,5% кыздар болсо, эркек балдар 30% түзөт.

UNICEF бул көрсөткүчтөн улам өлкө жаштарынын эмгек рыногундагы дарамети төмөндөп кетерин маалымдады.

"Кыз-келиндердин санариптик сабаты жоюлушу керек, гендердик кысымдан узак жашап, өз мүмкүнчүлүктөрүн ачышы зарыл", - деп айтылган UNICEF уюму тараткан билдирүүдө. Кечээ, 11-октябрда дүйнөдө кыздар күнү белгиленди. (BCh)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жаңы курамы боюнча билдирүү таратты Акылбек Жапаров: Кумтөрдү өзүбүз иштетебизCOVID-19: Молнупиравир дарысы каттоого берилдиЭВФ экономиканын өсүү божомолун 5,9% төмөндөттүЕвропа соту түркмөн жаранын Орусиядан мекенине өткөрүүгө тыюу салды