Европа биримдиги Украинага терең колдоо көрсөтөрүн убада кылды. Бул тууралуу 12-октябрда Киевде президент Владимир Зеленский баш болгон украин лидерлери менен Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин жетекчиси Шарль Мишель өткөргөн саммит учурунда айтылды.
Урсула фон дер Ляйен Украинаны шаркеттин мүчө-мамлекеттеринен чыккан газ менен көбүрөөк камсыздоонун үстүнөн жакындан иш жүргүзүлөрүн белгиледи.
"Украина газ транзитине келгенде ишенимдүү өлкө бойдон калууга тийиш", -деп айтты биримдиктин жогорку өкүлү.
Тараптар ушуну менен 23-жолу жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүштү. Сегиз жылдан бери Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк күчтөрдүн урушу басылбай келатат.
Зеленскийге реформаларды ишке ашыруу жана коррупция менен күрөш солгун жүрүп жатат деген сын күчөдү.
Муну менен катар газ маселеси да күн тартибиндеги олуттуу мселелердин бири бойдон кала берүүдө. Украина жана европалык бир катар өлкөлөр Орусиянын мамлекеттик “Газпром” ишканасын газдын баасын көтөрүп жаткандыгы үчүн сындап жатышат.
Дагы караңыз
Президент өкмөттү кызматтан кетирди, Мариповдун ордуна Жапаровду дайындадыӨкмөттүн жаңы сунушталып жаткан курамы белгилүү болдуСадыр Жапаров: Мөңгүлөрдү талкалаган бизнеске бирге каршы туруу керекБеларустун Нью-Йорктогу Башкы консулдугу жабылуудаЭВФнын аткаруу кеңеши тескөөчү директор Георгиеваны колдоду