Президент өкмөттү кызматтан кетирди, Мариповдун ордуна Жапаровду дайындады

Өкмөт үйү.

Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда кол койду.

Президенттин жарлыгы менен Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин жаңы курамы

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Министрлер кабинетинин азыркы курамы кызматтан кетти. Кабинет мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар жаңы курам түзүлгөнчө өз милдеттерин аткарууну улантат.

11-октябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөрөт. (RK)

Дагы караңыз

Беларустун Нью-Йорктогу Башкы консулдугу жабылууда​​​​​​​Ош: союздан калган жатакана үчүн кармаш Садыр Жапаров: Мөңгүлөрдү талкалаган бизнеске бирге каршы туруу керекЭВФнын аткаруу кеңеши тескөөчү директор Георгиеваны колдоду