Эдил Байсалов жаңы өкмөттүн курамына кирет

Эдил Байсалов.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин жаңы курамына кирет. Бул тууралуу «Азаттыктын» жеке булактары кабарлашты.

Анын талапкерлиги вице-премьер-министрлик кызматка же тышкы иштер министри кызматына караштырылып жатат.

Байсалов Улуу Британияга элчи болуп 2019-жылы дайындалган.

11-октябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөргөнү жатат. (RK)

Дагы караңыз

COVID-19: Орусияда бир суткада өлгөндөр рекорддук көрсөткүчкө жетти Баткен: жардамга чогулган акчанын эсебиБийликти сындаганы үчүн суракка чакырылганын айткан адам адвокат издөөдө Кыргызстанда тогуз айда алкоголь жана тамеки көбүрөөк кымбаттады