Ким Чен Ын армиясын күчтөндүрө турганын айтты

Ким Чен Ын. Архивдик сүрөт

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн аскердик дараметин күчтөндүрөрүн айтып, ортодо чыңалууну пайда кылып жатат деп АКШны айыптады.

"АКШ өзүнүн туура эмес аракеттери жана ой-жүгүртүүсү менен региондо чыңалууну жаратууда", - деп айтылат Кимдин 12-октябрда Кореянын кабар агенттигине жасаган билдирүүсүндө.

Президент Жо Байдендин администрациясы Пхеньянга эч кандай кастык ниети жок экенин айтып келет.

Ким Чен Ын армияны күчтөндүрүү Түштүк Кореяга каршы багытталбаганын белгилеп, ошол эле маалда Сеулду эки жүздүүлүк үчүн күнөөлөдү. Анын айтымында, кошуна өлкө Түндүк Кореянын куралдын үстүнөн иштеп жатканын айыптап, өзү болсо аскердик кубатын арттырууга, анын ичинде америкалык согуш учактарын сатып алууга "чоң каражат коротууда".

Ким Чен Ын 11-октябрда башкаруудагы Жумушчу партиянын 76 жылдыгына арналган иш чарада чыгып сүйлөдү. Өткөн айда Пхеньян жарым жылда биринчи жолу ракетасын сынаган. Муну менен катар шарттар аткарылса, Сеул менен сүйлөшүүгө даярдыгын да билдирген.

АКШ Түндүк Корея менен сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылып келатат. Бирок Ким Вашингтон санкцияларды бошоңдотууга же Сеул менен биргелешкен аскердик машыгууларды ткототууну талап кылууда.

Пхеньян тыюу салынган ядролук жана баллистикалык ракета программаларынан улам эл аралык коомчулуктун санкцияларына туш болгон.

Дагы караңыз

Кыргызстанда тогуз айда алкоголь жана тамеки көбүрөөк кымбаттадыБишкекте жер тамдар жыл башынан бери 12% арзандадыӨкмөт көмүрдүн баасын жөнгө салуу чарасын киргизди "Альянс" партиясынын талапкерлер тизмеси белгилүү болдуЭл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12,6 миллион доллар карызын кечетАбыкеев президенттин кеңешчиси, Касмамбетов мамкатчы болуп дайындалды