Кыргызстандын Улуттук статистика комитетити өлкөнүн 2021-жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки экономикалык жана социалдык өнүгүү көрсөткүчүн жарыялады.
Ага ылайык, 2020-жылга салыштырмалуу акыркы тогуз айда өлкөдө баалар жана тарифтер 6,5% кымбаттады. Көбүрөөк алкоголь менен тамеки кымбаттады (9,8%), ошондой эле тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктарга баа 7,4 % өстү.
Статкомдун маалыматына караганда, мөмө-жемиштердин арасынан лимон 47% кымбаттаса, гречка 31,6%, өсүмдүк майы 21,5%, кумшекер 20,5% жогорулады. Ошондой эле балык, эттин бардык түрү, нан жана кондитер азыктарына баа өскөнү байкалды.
Мекеме баанын жана тарифтин өскөнү бардык аймактарда байкалганын билдирди. Максималдуу жогорулоо Жалал-Абад облусунда катталган 9,8%.
Ал эми 2021-жылдын январь айынан августка чейин транспорт жана жүк сактоо тармагында иштегендердин айлык акысы өткөн жылдын ушул убатысына салыштырмалуу 31,7 пайызга жогорулаган. Ошондой эле кыймылсыз мүлктү алып-сатуу ишин каттагандардын, маалымат жана байланыш тармагында (16,1%), илимий-техникалык ишмердүүлүк менен алектенгендердики (14,4%), кен казуу тармагындагылардын (11,1%) маянасы өскөнү байкалган.
Улуттук статистика комитети дүйнөлүк рыноктогу кымбатчылыкты эске алып 2021-жылдын экинчи жарымында да баалардын өсүшү ыктымалдыгын эскерткен.
Дагы караңыз
Жаңы өкмөт боюнча сунуш парламенттик комитетке жөнөтүлгөнү кабарландыФутбол: Крестинин боюнча чечим тандоо оюндарына жараша кабыл алынатТакси кызматын көзөмөлдөө маселеси парламентте көтөрүлдүБишкекте түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт