Орусиянын жаза аткаруу мекемеси абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды "экстремисттик жана террорчул идеологияны жайылткан" адам катары каттоого алды. Бул тууралуу Навальный 11-октябрда "Инстаграмдагы" барагына жазды. Ал түрмө комиссиясы мындай чечимди бир добуштан колдогонун белгиледи.
Орус оппозициясынын лидери жазгандай, ушул эле күнү түрмө жетекчилиги Навальныйды "качып кетүү коркунучундагы" адамдардын тизмесинен чыгарган. Саясатчы жана анын адвокаттары мындай тизмеде турган адамдарды түрмө сакчылары түнкүсүн саат сайын ойготуп турарын айтып, даттанышкан эле.
Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный былтыр август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал быйыл январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.
Ушул тапта Навальный Владимир облусундагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.
Сентябрь айында Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Оппозициячыл саясатчы жана анын тарапташтары айыптарды Кремлдин куугунтугу катары мүнөздөп келишет.
Дагы караңыз
Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттүн курамын жактырды (видео)"Талибан" эмне үчүн ислам укуктарын өз алдынча чечмелейт? Таласта мейманканада чатак салган адам кармалдыСултанбеков: мурдагы президент Атамбаев парламенттик шайлоого катышпайт