Кыргызстандын өкмөтү менен Индиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда эки тараптык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду.
Анын алкагында саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана агроөнөр жай, кайра жаралуучу энергия булактары, соода жана кыргыз экономикасынын башка артыкчылыктуу тармактары боюнча социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ар бирине 1,5 миллион долларга чейин каражат бөлүнөт.
Ошондой эле Индия өкмөтү тарабынан Кыргызстанга 200 миллион доллар жеңилдетилген кредит бөлүп берүү боюнча макулдашууга жетишилгенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
10-октябрда Кыргызстанга сапар менен Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар келген.
Ал президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугуп, эки өлкөнүн алакасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар аймактагы коопсуздукту, Ооганстандагы акыркы кырдаалды талкуулашты. Жайшанкар 11-октябрда Казакстанга барып, андан ары сапарын Арменияда улантат. (BCh)
Дагы караңыз
Күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үйКыргызстан “Мегаком” иши боюнча эл аралык арбитраждык сотто уттуДоха: АКШ менен "Талибан" Ооганстандагы коопсуздукту талкууладыАКШ өз жарандарын Кабулдагы мейманканалардан алыс болууга үндөдү