Кашмирде Индиянын беш аскери окко учту

Кашмир аймагындагы индиялык кошуундар. 17-июнь, 2020-жыл.

Кашмирдин Нью-Дели көзөмөлдөгөн аймагында жоочулар менен атышуудан индиялык беш аскер мерт болду. Бул тууралуу Индиянын армиясы 11-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя аскерлер Суранкоте аймагында согушкерлерди издөө операциясын өткөрүп жаткан учурда болгон. Жоокерлер токойлуу жерде аткылоого кабылган. Армия аларды атайын тик учак менен эвакуациялоого аргасыз болгон.

Өткөн аптада Индиянын аскерлери Кашмирдеги Сринагар шаарында текшерүүлөрдү күчөткөн. Буга аймактагы кол салуулардын күчөгөнү себеп болгон.

Индия менен Пакистан 1947-жылы Британия колониясынан бошонгондон бери Кашмирди талашып келет.

Кашмир боюнча эки тараптын ортосунда эки жолу согуш чыккан. Нью-Дели Исламабадды "аймактагы согушкерлер тобун колдойт" деп айыптаса, Пакистан мындай айыптоолорду четке кагып жүрөт.

Дагы караңыз

Нобелдин экономика боюнча сыйлыгы үч окумуштууга берилди"Ынтымак" партиясы талапкерлердин тизмесин бекиттиЖер көйгөйү боюнча Оштон жөө жүрүшкө чыккандар Бишкекке келдиКыргызстанга Польшадан AstraZeneca вакцинасы келдиКыргыз-тажик чек арасы боюнча топография топторунун жыйыны өттү