Бишкекте университеттик клиника ачылды

КЭАУнун медициналык клиникасында.

Бишкекте Кыргызстан эл аралык университетине караштуу медициналык клиника ачылды. Окуу жайдын басма сөз кызматы 11-октябрда “Азаттык” радиосуна билдиргендей, университеттин клиникасында бейтаптарды дарылоо менен катар медицина мектебинде билим алып жаткан студенттер үчүн тажрыйбасын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Клиниканы түптөөгө жергиликтүү жана чет өлкөлүк демөөрчүлөр жардам берген.

Кыргызстанда 73 жогорку окуу жайы бар. Дарыгерлер негизинен Кыргыз медицина академиясында даярдалат, андан тышкары бир нече жогорку окуу жайда медицина факультеттери жана борборлору бар. (RK)

Дагы караңыз

Жер көйгөйү боюнча Оштон жөө жүрүшкө чыккандар Бишкекке келдиАлматыда оппозициячыл активисттерге сот өкүмү чыктыКыргызстан 250дөй ооган студентине виза беретКыргыз-тажик чек арасы боюнча топография топторунун жыйыны өттү