Кыргызстанга Польшадан AstraZeneca вакцинасы келди

Вакцина саюу учуру. Май, 2021-жыл. Бишкек.

Польшадан Кыргызстанга 55 миң 200 доза AstraZeneca вакцинасы келди. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Twitterдеги баракчасына жазды. Вакцина биримдиктин жарандык колдоо механизминин алкагында коронавируска каршы күрөшүү үчүн алынып келинген.

Кыргызстандын Республикалык иммунопрофилактика борбору октябрь айында 420 миң дозадай вакцина келе турганын билдирген. Маалыматка караганда, ушул айда AstraZenecaдан сырткары Pfizer, Sinopharm вакциналары келиши керек.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Азыр Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Учурда эмделгендердин саны 1,5 миллиондон ашты. Алардын 874 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган.

Дагы караңыз

Баткен: селден жабыркагандарга жер тилке бөлүндү Жер көйгөйү боюнча Оштон жөө жүрүшкө чыккандар Бишкекке келдиАлматыда оппозициячыл активисттерге сот өкүмү чыктыКыргызстан 250дөй ооган студентине виза беретКыргыз-тажик чек арасы боюнча топография топторунун жыйыны өттү