12-октябрдын аба ырайы

Ош шаары.

12-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 9…14;

Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16;

Бийик тоолордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6;

Бишкекте түнкүсүн бир аз жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 11…13 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

АКШ өз жарандарын Кабулдагы мейманканалардан алыс болууга үндөдүОпера ырчысы Ирина Деркембаева менен коштошуу зыйнаты өттүЖер көйгөйү боюнча Оштон жөө жүрүшкө чыккандар Бишкекке келдиФутбол бирлигинин президенти болуп Медер Сыдыков шайланды