Бишкек - Ош жолундагы Төө-Ашуу тилкесинде 10-октябрдын кечинде жол эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Кыял Курганбаев кабарлады.
"Төө-Ашууда кардын калыңдыгы беш сантиметрдей. Машинелер үчүн эки тараптуу кыймыл толук ачылды. Айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөр менен жолго чыгып, этият болуусун эскертебиз".
Буга чейин 10-октябрда түшкө чейин калың жааган кардан улам аталган ашууда кыймыл убактылуу чектелгени кабарланган.
Азыркы тапта Бишкек - Ош жолунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу иштеп жатат. Октябрь айында Кыргызстанда аба ырайы дароо суук болуп, тоолуу аймактарга кар жаады. (BCh)
Дагы караңыз
Имон Гилмур: Кыргызстан эл аралык кадыр-баркын коргошу керекИндиянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келетЫсык-Көлдөгү 15 эстеликке QR-код коюлдуПакистандын өзөктүк программасын негиздеген окумуштуу каза болдуБишкекте инклюзивдик фестиваль болуп өттү