11-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

11-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жаан-чачын болот.

Абанын температурасы:

Чүй, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5°.

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 4…6, күндүз 11…13° болот.

Дагы караңыз

WADA Москвадагы лабораториянын аккредитациясын жокко чыгардыТүркияда тыңчылыкка шек саналган алты чет өлкөлүк жаран кармалдыУурулукка шек саналып кармалган жаран камактан качып кеттиКоронавирус дагы 93 адамдан аныкталдыШайлоого бир мандаттуу округдан катышууну каалагандар 200гө чамалады