Чүйдүн Ысык-Ата районунда уурулукка шек саналып кармалган 26 жаштагы жаран камактан качып кетти.
Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ал 10-октябрда эртең менен саат жетилерде райондук милициянын убактылуу кармоочу жайынан качкан.
Облустук Ички иштер башкармалыгынын бүт кызматкерлерине маалымат берилип, блок-посттор коюлду.
Шектүү 8-октябрда Аламүдүн районунда кармалып, Ысык-Ата Ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал уурулук кылган деп шек саналып, кармалган болчу. (SE)
Дагы караңыз
Коронавирус дагы 93 адамдан аныкталдыШайлоого бир мандаттуу округдан катышууну каалагандар 200гө чамаладыЖо Байден Нобел сыйлыгын алган журналисттерди куттуктадыЖоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында күмүш байге алдыНобел-2021: Климат, качкындар жана сөз эркиндиги