Сузак айыл өкмөтүнүн имараты күйүп кетти. Эртең менен саат сегиздерде башталган өрттүн себеби азырынча белгисиз.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак районундагы бөлүмүнүн кызматкери Азизбек Осмонов "Азаттыкка" окуя боюнча учкай маалымат берди:
"Бизди көмүрканадан өрт чыкты деп чакырышты. Имараттын биринчи кабаты күйүп кетти. Алгач документтер менен эмеректерди сыртка алып чыктык".
Эки кабаттуу имараттын биринчи кабаты күйүп, өйдөгө тутанган. ӨКМ өкүлү чатырдагы жалын өчүрүлүп жатканын саат ондордо маалымдады. (TB\SE)
Дагы караңыз
Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында күмүш байге алдыОпера ырчысы Ирина Деркембаева дүйнө салдыОрусия бир катар журналистти "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизди Казакстанда аткаминерлер кардын видеосун чыгарган пенсионерди кечирим суратышты