10-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу жерлерине кар жаайт.
Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 5...10,
Таласта түнкүсүн 0...5, күндүз 2...7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11,
Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3 градус.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 5…7 градус болот.
Дагы караңыз
Шайлоого аттанган партиялар курултай өткөрүп жатышатДональд Лу: кыргыз жаранынын Пенсильваниядагы өлүмү кылдат иликтенетОоганстанда шииттердин мечитиндеги жардыруу ондогон адамдын өмүрүн алдыКазакстанда аткаминерлер кардын видеосун чыгарган пенсионерди кечирим суратышты