Рамзан Кадыровдун кызы Чеченстандын маданият министри болду

Айшат Кадырова.

Орусиянын курамындагы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун улуу кызы аталган республиканын маданият министри болду.

22 жаштагы Айшат Кадырованын жаңы кызматы тууралуу аймактык парламенттин төрагасы Магомед Даудов Инстаграмга жазды.

Даудов Айшат республиканын маданият тармагын өнүктүрүүгө жогорку деңгээлде салым кошуп келгенин билдирди.

2020-жылдын декабрында Рамзан Кадыровдун экинчи кызы Грозныйдагы Мектепке чейинки билим берүү департаментине жетекчи болуп дайындалган.

Чеченстанда адам укуктарынын аёосуз бузулушуна байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылдын июлунда Рамзан Кадыровго санкция салган. Санкция анын жубайы Медни Кадыровага жана кыздарына да тиешелүү.

Дагы караңыз

Коронавирустан дагы эки бейтап көз жумдуЫсык-Ата районунда үч эм төрөлдүОоганстанда шииттердин мечитиндеги жардыруу ондогон адамдын өмүрүн алдыКыргызстандык балбан кыздар Норвегиядан кайтып келишти