"Талибандын" жетекчилери Москвага чакырылды

Москва. Орусиянын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов менен "Талибандын" Абдул Гани Барадар баштаган делегациясы.

Орусиянын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Замир Кабуловдун кабарлашынча, бул өлкөдөгү соңку кырдаалды баалап, пикир алмашуу үчүн “Талибандын” (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) өкүлдөрү Москвага жолугушууга чакырылды.

Эл аралык Reuters агенттиги ишенимдүү булагына таянып, Москвада өтө турган сүйлөшүүлөр 20-октябрга дайындалганын кабарлады.

“Талибан” менен Москвада өтчү бул жолугушууга Кытайдын, Индиянын, Пакистандын жана Ирандын өкүлдөрү да чакырылды.

“Талибан” кыймылынын расмий өкүлүнүн орун басары Билал Карими “Азаттыктын” ооган кызматына Кабул бул жолугушуу тууралуу пикирин кийинчерек жарыялай турганын айтты.

Москвадагы бул сүйлөшүүлөр Ооганстандагы гуманитардык кырдаалды баалап, талкуулаган “Чоң жыйырмага” кирген өлкөлөрдүн жыйынынан кийин болот.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Москва тажик-ооган чек арасындагы кырдаалга кылдат байкоо салып турганын, зарыл учурда, чечкиндүү чараларды көрүүгө даяр экенин билдирди.

Дагы караңыз

Кундузда мечиттеги жардыруудан бир нече киши көз жумдуТалас: депутаттар колдогон талапкер вице-мэрликтен баш тарттыЭнергохолдинг Тажикстандан электр энергиянын импорттолушун түшүндүрдүАксы: мушташтан каза тапкан жигиттин соту создуктуОсло-2021: Жоламан Шаршенбеков жарым финалда