8-октябрда Ооганстандын Кундуз провинциясындагы исламдын шиит агымын тутунган адамдар намаз окуган мечиттеги жардыруу болду. Анын кесепетинен бир нече киши каза таап, жаракат алгандар да бар экенин "Талибан" өкмөтүнүн расмий өкүлү Забиулла Мужахид Твиттер баракчасына жазды.
Жардыруунун себебин иликтөө үчүн окуя болгон жерге атайын бөлүктөр келди.
#جنایت:ظهر امروز در منطقه خان اباد بندر مربوطات مرکز ولایت قندز در یک مسجد هموطنان اهل تشیع یک انفجار رخ داد، که از اثر آن تعداد هموطنان ما شهید و زخمی شدند.مجاهدین قطعه خاص به محل حادثه رسیدند و بر رسی ها را اغاز کردند.
— Zabihullah (..ذبـــــیح الله م ) (@Zabehulah_M33) October 8, 2021
Кундуз провинциясындагы оорукананын белгисиз кызматкери медициналык мекемеге жардыруудан көз жумган 15 кишинин жасаты жеткирилип, токсондон ашуун жарадар жаткырылганын эл аралык AFP маалымат агенттигине кабарлады.
Күбөлөрдүн айтымында, жардыруу жума намазы окулган Гөзар-и-Саид Абад мечитинде болгон. Имараттын ичиндеги урандынын арасында адамдын жасаттары видео тасмага тартылып калган.
Жардыруунун чыныгы себептери аныктала элек.
Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы Твиттер баракчасына жардыруудан каза болгондор менен жаракат алгандар жүздөн ашканын билдирди.
The UN family in #Afghanistan is deeply concerned by reports of very high casualties in an attack today in Sayyidabad Shia Mosque, #Khanabad, #Kunduz. Initial information indicates more than 100 people killed and injured in a suicide blast inside the mosque. 1/2
— UNAMA News (@UNAMAnews) October 8, 2021
Буга чейин Кабулдагы жана башка аймактардагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобунун "Хорасан" бөлүмү өзүнө алып келген.
Бул террордук кол салуулардан улам быйыл августта Ооганстанда бийликти ээлеп алган "Талибан" коопсуздук чараларын күчөткөнү белгиленди.
Дагы караңыз
Энергохолдинг Тажикстандан электр энергиянын импорттолушун түшүндүрдүАксы: мушташтан каза тапкан жигиттин соту создуктуОсло-2021: Жоламан Шаршенбеков жарым финалдаБаткен жана Ноокатта бир тонна көмүр 8 миң сомдон өйдө сатылуудаАКШда кыргызстандык полициянын огунан көз жумду