Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 7-октябрь күнү кечинде №31 түзөтүү мекемесинин жетекчисин пара алып жаткан жеринен кармады.
Бул маалыматты "Азаттыкка" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы ырастады.
УКМКнын билдирүүсүндө колониянын жетекчиси жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамды колония-кыштакка которуп, мөөнөтүнөн мурда бошотууга шарт түзүп берем деген убада менен пара алган. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына камалды.
№31 түзөтүү колониясы Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. (BCh)
Дагы караңыз
Күрөш: Ослодо кыздар жазган тарых Украин депутаты таксиде каза болдуДепутат көрүстөндөн миңдей киши алдын ала жер сатып алганын айттыИндияда киши колдуу болгон келиндин жакындары президентке кайрылды