Орусия Өзбекстандан 10 миң куруучу чакырды

Москвадагы курулуш объектиси. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын өкмөтү курулуш объектилерине чет элдик жумушчуларды тартууну караган пилоттук долбоорду жактырды. Анын алкагында Өзбекстандан Орусияга 10 миң куруучунун келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу "Московский комсомолец" басылмасы жазып чыкты.

Укуктук маалымат порталында жарыяланган документте Өзбекстандан 10 миң мигрантты алып келүү жол-жобосу көрсөтүлгөн. Курулушчулардын бардыгы коронавируска каршы Sputnik Light вакцинасы менен эмделгени белгиленди.

Бул пилоттук долбоорго Орусиянын Курулуш, Эмгек, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ошондой эле Роспотребнадзор мекемеси катышууда.

Орусиянын Курулуш министрлиги өзбек жумушчуларын өзүнүн курулуш объектилерине тартууну көздөгөн жумуш берүүчүлөрдүн тизмесин түзүп, алар менен келишим түзүшү керек.

"Кабыл алынган чечимдер санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Өзбекстандан 10 миң эмгек мигрантын тартуу боюнча конкреттүү практикалык кадамдарды жасоого мүмкүндүк берет", - деди министрдин орун басары Никита Стасишин.

Орусияда курулуш объектилерине жана айыл чарба тармагына жумушчу күчү жетишпей жатканы буга чейин айтылган.

Өткөн айдын ортосунда өзбек аткаминерлери жакында 10 миң өзбек эмгек мигранты Орусияга курулушка жиберилерин жарыялаган.

Орусияга курулуш тармагына иштегени барган эмгек мигранттары үчүн кесиптик деңгээлин аныктаган атайын сынактар киргизилет. 2021-жылдын аягына чейин Тажикстан менен Беларустан барган мигранттардан сынак алуу ишке кирери айтылды.

Дагы караңыз

НАТОнун баш катчысы орусиялык миссиянын 8 мүчөсү тыңчы болгонун билдирдиДепутат көрүстөндөн миңдей киши алдын ала жер сатып алганын айттыКурсан Асанов сот залынан Жапаров, Ташиев, Зулушевге кайрылдыОрусияда курулушта иштеген мигранттар сынак тапшыратКүрөш: Ослодо кыздар жазган тарых