НАТОнун баш катчысы орусиялык миссиянын 8 мүчөсү тыңчы болгонун билдирди

Бельгия. Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы.

Түндүк атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг НАТОдогу Орусиянын миссиясынын сегиз мүчөсү “атайын кызматтарга тиешеси бар” деген негизде аккредитацияларынан ажыратылганын ырастады.

Столтенберг орусиялыктарды чыгаруу чечими кандайдыр бир чыр-чатакка байланышы жок экенин айтты. Ал жакында НАТОнун расмийлери Орусиянын зыянкеч ишмердигин байкап, бул жолу ага чара көргөнүн эске салды.

Бир күн мурун Түндүк атлантикалык альянстагы 8 орусиялык дипломат аккредитациясынан ажыратылып, дагы экөө кызматынан алынганы кабарланган. Орусиянын НАТОдогу миссиясы жыйырмадан 10 адамга чейин кыскартылды.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Москва НАТО менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө үмүттөнбөй турганын билдирди.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова НАТОнун бул чечими Москваны таң калтырганын айтып, ага жооп болорун белгиледи.

Дагы караңыз

Депутат көрүстөндөн миңдей киши алдын ала жер сатып алганын айттыКурсан Асанов сот залынан Жапаров, Ташиев, Зулушевге кайрылдыОктябрь окуясындагы башаламандык боюнча сот 18-октябрга жылды Орусияда курулушта иштеген мигранттар сынак тапшыратОоганстанды тооруган террордук уюмдар