Бишкектеги № 67 гимназия мектебинин окуучуларынын арасынан COVID-19 табылгандан улам аталган билим берүү мекемеси толугу менен карантинге жабылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Коронавирусту жайылтпоо максатында шаардагы мектептерде бул оору аныкталса, Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бекиткен алгоритмге ылайык карантинге жабылары маалымдалган.
8-октябрга карата Бишкек шаарында 45 адамдан оору жаңы аныкталды.
Республикалык ыкчам штаб билдиргендей акыркы суткада өлкөдөгү эмдөө түйүндөрүндө, медициналык мекемелерде коронавируска каршы 10 614 адам эмделди. Алардын 4565и вакцинанын 1-дозасын, 6049 киши экинчи дозасын алды. Ушу күнгө чейин өлкө боюнча вакцинанын биринчи дозасын алгандар 857 969 кишиге жетсе, экинчи дозасын алгандар 649 971 адам болду.
Кыргызстанда билим берүү мекемелери 15-сентябрдан тарта толук ачылган. 2020-жылдын март айында өлкөдө COVID-19 вирусу алгач аныкталганда бала бакча, мектеп, окуу жайлардын баары аралыктан окутууга өткөн. (JsA)
Дагы караңыз
Шайлоо: бир мандаттуу округдан талапкер болом дегендер 145 адамга жеттиCOVID-19: 400дөн ашуун адам ооруканада жататДепутат мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү мыйзамынан шек санадыМэр: Таштанды полигонуна 10 млн. евро коротулуп, эч нерсе жасалган эмес