COVID-19: 400дөн ашуун адам ооруканада жатат

Акыркы күндөрү көз жумгандардын бардыгы вируска каршы эмделбегендер арасында болуп жатканы кабарланды.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 8-октябрдагы маалыматына караганда, коронавирустан эки киши каза болду.

Акыркы күндөрү көз жумгандардын бардыгы вируска каршы эмделбегендер арасында болуп жатканы кабарланды.

COVID-19дан каза болгондордун расмий жалпы саны 2 616 ​адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 84 ​адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 179 120 адамга жетти.

Бир күндө 77 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 440​ ​адам жатат, дагы 703​ бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 173 796 киши. (BCh)

Дагы караңыз

Мэр: Таштанды полигонуна 10 млн. евро коротулуп, эч нерсе жасалган эмесГрек-рим күрөшү: кыргызстандык төрт балбан жеңилип калдыМээрим Жуманазарова: Кыздар чоң максатка жетүүдөн коркпогулаТаңкы Азаттык (2-чыгарылыш)