Евробиримдик Орусиядан Политковскаянын өлүмүн адилет иликтөөнү талап кылды

"Новая газетанын" журналисти Анна Политковская 2006-жылы өлтүрүлгөн.

Евробиримдик иликтөөчү журналист Анна Политковскаянын өлтүрүлгөнүнө 15 жыл толгонун белгилеп, баардык күнөөлүүлөрдүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышын талап кылды.

Орусиянын президенти Владимир Путинди сындап, жогорку деңгээлдеги коррупциянын бетин ачып, Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу ачык айтып келген Политковская өз үйүнүн алдында 2006-жылдын 7-октябрында өлтүрүлгөн. Бул күнү Путиндин туулган күнү белгиленип жаткан.

Адам укуктары боюнча Европа соту 2018-жылы орус бийлиги кылмышты иликтөө боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаганын билдирген.

Шаркеттин тышкы иштер боюнча расмий өкүлү Питер Стано Орусияны адам өлтүрүүнүн артында тургандарды "ачык жана таза сот жараянынын алкагында" жоопкерчиликке тартууга чакырды.

"Орусия ошондой эле "адам укуктарынын жана демократиялык баалуулуктардын корголушу боюнча улуттук жана эл аралык милдеттенмелерди аткарыш керек",-деп кошумчалады ал.

"Новая газетанын" журналисти Политковскаянын өлүмү үчүн 2014-жылы теги чечен Лом-Али Гайтукаев жана Рустам Махмудов өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген. Дагы үч киши 12ден 20 жылга чейинки мөөнөткө соттолушкан. Анткен менен укук коргоочулар жана Евробиримдик бул кылмыштын артында тургандардын жазаланбай калышын сынга алып келишет.

Дагы караңыз

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы танзаниялык жазуучу Гурнага ыйгарылдыОш шаардык милициясынын кызматкери пара алууга шек саналып кармалдыТашиев: Уюшкан кылмыштуу топторду жок кылуу керек