Адабият боюнча Нобель сыйлыгы танзаниялык жазуучу Гурнага ыйгарылды

Кент университетинин профессору, жазуучу Абдулразак Гурна.

Швед академиясы адабият боюнча Нобель сыйлыгынын быйылкы лауреатын 7-октябрда жарыялады.

Абройлуу сыйлык Занзибарда туулган танзаниялык жазуусу Абдулразак Гурнага "анын оторчулуктан кийинки маалындагы качкындардын азабын сезип, туюп, жүрөгүнөн өткөрүп баяндаганы үчүн" ыйгарылды.

Ал Занзибарда туулуп, Англияда жашайт. Гурна Кент университетинин профессору.

Бул жылкы фавориттердин арасында француз жазуучулары Анни Эрно менен Мариз Конде, теги индиялык жазуучу Салман Рушди жана башкалар бар эле.

Нобелдин ээлери алтын медалга жана 1,1 млн. доллар өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болушат.

Дагы караңыз

Ташиев: Уюшкан кылмыштуу топторду жок кылуу керекМамлекеттик макамдагы "Манас" театры түптөлдүБазар-Коргондогу Азимжан Аскаровго таандык кеңсе талашка түштү"Азаттыктын" журналисттеринин видеосун өчүрткөн украин банкынын башчысынын иши тергеле баштады