Украин депутаттары парламент спикери Дмитрий Разумковду кызматтан кетирүүнү колдошту. Буга аны менен бийликтеги "Эл кызматчысы" партиясынын ортосундагы талаш-тартыш түрткү болду.
7-октябрда анын отставкасы үчүн 284 депутат, анын ичинде бийликтеги партиянын 215 өкүлү добуш берди.
Разумков дагы 2019-жылы парламент спикерлигине келгиче "Эл кызматчысы" партиясынын мүчөсү болгон.
Ал олигархтардын саясатка жана бизнеске таасирин чектөөгө чакырган мыйзамга ачык каршылык билдирип чыккан.
3-октябрда Зеленский Разумковду сынга алып, "ал мындан ары биздин команданын мүчөсү эмес" деп айткандан кийин бийликтин партиясы Дмитрий Разумковду кызматынан кетирүү боюнча аракеттерин баштаган.
Дагы караңыз
Казакстандан кароосуз калган эки кыргызстандык бала кайтарылды"Евробиримдик-Борбор Азия" форумунда саясий куугунтук маселеси көтөрүлдүДССУ безгекке каршы алгачкы вакцинаны жактырдыБаткенде аткезчиликке каршы атайын топтор түзүлөт