АКШда коронавирустан өлгөндөрдүн саны төмөндөп жатат

Коронавирустан жабыркагандары дарылап жаткан медкызматкер.

Кошмо Штаттарда коронавирустан каза болгондордун саны жай айларына салыштырмалуу төмөндөдү. Сентябрдын орто ченинен бери каза болгондордун күнүмдүк көрсөткүчү 15% ылдыйлап, 1750нүн тегерегинде болуп жатат. Ал эми ооруканага түшкөндөрдүн саны бир ай мурда 94 миңдей болуп жатса, азыр төрт эсе азайды.

Адистердин айтымында, вакцина албаган америкалыктардын саны дагы дале арбын. Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түндүк Кореяга медициналык каражаттарды жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатат. Уюм билдиргендей, коронавируска каршы каражаттар Кытайдагы порт аркылуу жөнөтүлөт. Азырынча каражаттар жеткени же жетпегени белгисиз.

Түндүк Кореянын бийлиги өлкөдө коронавирус жок экенин билдиргени менен адистер мындан күмөн санашат.

Дагы караңыз

ДССУ безгекке каршы алгачкы вакцинаны жактырдыОсло-2021: грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар беттешке чыгат "Евробиримдик-Борбор Азия" форумунда саясий куугунтук маселеси көтөрүлдү