Аба ырайы: Тоо этектеринде кар жаайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 8-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, тоо этектеринде кар аралаш жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Күндүз Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14;
  • Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;
  • Нарын облусунда -2…+3, күндүз 8…13 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 11…13 жылуу болот. (МТа)

Дагы караңыз

Ош шаарынын эн белгисин түзүүгө сынак жарыяландыДССУ безгекке каршы алгачкы вакцинаны жактырдыОсло-2021: грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар беттешке чыгат Еврошаркеттин адам укугу боюнча өкүлү Садыр Жапаров менен жолугат