Садыр Жапаров орус президентин туулган күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров менен Владимир Путин. Архив.

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

"Өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, ар кыл тармактагы эки тарапка пайдалуу байланыштардын абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты",-деп айтылат расмий маалыматта.

Президент Жапаров орус лидерин Мамлекеттик думага шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен дагы куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгү парламенттер аралык байланыштарды Жогорку Кеңеш менен чыңдоого багытталарына ишеним арткан.

Орусия президенти Владимир Путин 7-октябрда 69 жашка чыкты.

Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин биринчи чет өлкөгө сапарын Орусияга жасаган. (МТа)

Дагы караңыз

Орус абагындагы үрөй учурган кыйноолорБаткенде аткезчиликке каршы атайын топтор түзүлөтБишкекте казакстандык маданият ишмерлери сыйландыДин концепциясы: мамлекет светтик негиздерди күчөтөт