Коронавирустан эки адам каза таап, 104 жаңы учур катталды

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 7-октябрдагы маалыматына караганда, вирустан бир күндө эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2614 ​адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 104 адамдан табылды.

  • Бишкек - 69
  • Ош шаары - 1
  • Чүй облусу – 18
  • Ош облусу – 0
  • Талас облусу - 0
  • Нарын облусу - 0
  • Ысык-Көл облусу – 10
  • Жалал-Абад облусу – 5
  • Баткен облусу - 1

Өлкөдө COVID-19 инфекциясы жуккандардын жалпы саны 178 036 ​адамга жетти.

Бир күндө 84 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 451 ​адам жатат, дагы 690 бейтап үйдөн дарыланууда. (BCh)

Дагы караңыз

Депутат Жумабеков жаңы мыйзам долбоорун адам укугуна каршы деп сындадыОштон Бишкекке жөө чыккандарга акыйкатчынын өкүлдөрү жолуктуАйсулуу менен Эрназар спорт тарыхынын жаңы барагын ачтыАбакиров: Бийлик шайлоодон мурда экономиканы ойлосо болмокИманкулов шайлоодо президенттин партиясы деген болбой турганын айтты