АКШ менен Кытай президенттери онлайн жолугушат

АКШ президенти Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпин жыл аягында онлайн жолугушары кабарланды.

Лидерлердин жолугушуусу жөнүндө расмий өкүлдөрдүн бири журналисттерге анонимдүү маалымат берген. Ак үйдүн пресс-катчысы Жен Псаки жолугушуунун деталдары иштелип бүтө электигин маалымдады.

Лидерлердин онлайн жолугушуусу АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен Кытайдын башкы дипломаты Ян Цзечи Швейцарияда кезиккенден кийин жарыяланды.

Ак үй Салливан Тайван кысыгындагы окуя, этникалык азчылыктарынын жана Гонконгдогу демократиянын тарапташтарынын кысымга кабылып жатканына тынчсыздануусун белгилегенин билдирди.

Дагы караңыз

Пакистандагы жер титирөөдөн кеминде жыйырма киши каза болдуАйсулуу менен Эрназар спорт тарыхынын жаңы барагын ачтыБалбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болдуТыныбекова: Париждеги Олимпиадага башкача даярдык көрөбүз