Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт

Архив. Мээрим Жуманазарова.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова финалга чыкты.

Ал жарым финалда орусиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде жеңди. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Жуманазарова буга чейин эки беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда түштүк кореялык балбан Минжи Ханы 8:0 эсеби менен жеңди. Чейрек финалда канадалык Оливия Ди Баккону 7:1 эсебинде утту.

Эртең, 7-октябрда дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн жапониялык Рин Мияжи менен беттешет. Финалдык таймаш саат 22:00дө башталат.

Күрөштүн бул түрүнөн дагы бир кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы бүгүн, 6-октябрда 76 килограмм салмакта дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт.

Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Токиодогу өткөн Олимпиада оюндарында коло байге уткан. 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медал тагынган, бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. 2021-жылдагы Азия чемпиону. Азия оюндарында байге алган.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда. Бул мелдеште азырынча Кыргызстандын балбандарында бир алтын, бир күмүш жана бир коло байге бар. Алтын байгени кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова багынтса, эркин күрөштөн күмүш байгени 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев, коло медалды 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов алды.

Дагы караңыз

Тыныбекова: Париждеги Олимпиадага башкача даярдык көрөбүзАйсулуу менен Эрназар спорт тарыхынын жаңы барагын ачты"Азаттыктын" фото кабарчысы сынакта жеңүүчү аталды"Мен Малала" китеби кыргыз тилине которулду