Быйылкы жылы химия илиминде жасаган ачылышы үчүн окумуштуулар Бенжамин Лист жана Дэвид Макмилланга Нобел сыйлыгы ыйгарылды.
Окумуштуулар химия илиминде жаңы ачылыш жасап, "асимметрикалык органикалык катализаторлорду өнүктүрүүдө" биргелешкен ойлоп табуучулугу үчүн сыйлыкка көрсөтүлгөн.
Асимметрикалык органикалык катализаторлор - органикалык курамында көмүртек, суутек жана күкүрт камтылган элементтер болуп саналат. Алар химиялык реакциялардын ылдамдыгын тездетет.
Физика боюнча сыйлык окумуштуулар Сюкуро Манабэ, Клаус Хассельман жана Жоржо Паризиге ыйгарылган.
Медицина тармагы боюнча Нобел сыйлыгына "дене табынын рецепторлору жана теринин сезгичтиги боюнча жасаган илимий ачылышы" үчүн америкалык окумуштуулар Дэвид Жулиус менен Ардем Патапутиан татыган.
Нобелдин ээлери алтын медалга жана 1,1 млн. доллар өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болушат.
Дагы караңыз
Кой-Таш окуясы боюнча сот 25-октябрга жылдырылдыУКМК маңзат менен кармалган чек арачыга мурда да кылмыш иши козголгонун билдирдиАтырауда күйгөн чөптүн ордунан үч баланын жасаты табылдыАйсулуу менен Эрназар спорт тарыхынын жаңы барагын ачтыТашкент менен Ашхабад ишкерлерге виза берүүнү жеңилдетүүгө жетишти