Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 4-5-октябрь күндөрү Өзбекстанда расмий сапар менен болду. Анын алкагында 2004-жылдагы жарандардын өз ара карым-катышы боюнча макулдашууга оңдоолор киргизилип, эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө визалык тартипти жеңилдетүү боюнча протоколго кол коюлду.
Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө бул документ сөзсүз түрдө ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп, улут аралык ынтымакты чыңдоого кызмат кылары айтылган.
Эки мамлекеттин ортосунда транспорт, транзиттик жүк ташуу, сууну үнөмдөөчү технологияларды алмашуу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндик кызмат сыяктуу 23 документке кол коюлду.
Өзбек-түркмөн чек арасында соода тилкесин түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Дагы караңыз
Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылган топ парламентке барды"Азаттыктын" фото кабарчысы сынакта жеңүүчү аталдыБаткенде коңшу өлкөгө мыйзамсыз товар ташыган унаалар кармалдыШаардагы мектептерде бир мугалимге 20 окуучу туура келетТүркмөнстандын калкы президенттин жаңы китебин сатып алууга милдеттендирилди