Орусиянын тергөө комитети Саратовдогу түрмөдө отургандарга жасалган зордук-зомбулук боюнча кылмыш ишин козгоду. Видео тасмадага түшүп калган түрмө кызматкерлеринин кылмышка катыштыгы аныкталса 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Шейшемби күнү бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары түрмөлөрдөгү сексуалдык мүнөздөгү зомбулук тартылган видео архивдин айрым бөлүктөрүн жарыялаган. Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматтын Саратов облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ички кызматтын полковниги Алексей Федотов кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болду.
Gulagu.net укук коргоо долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Осечкин Орусиянын түрмөлөрүндө кордолгондор тартылган атайын кызматтын көлөмү 40 Гб болгон "жашыруун" видео архиви анын колуна тийгенин билдирген болчу.
Осечкиндин айтымында, видеодо абакта отургандарды кыйнаган жана сексуалдык кордук көрсөткөн учурлар бар.
Ал ошондой эле, Орусиянын түрмөлөрүндө атайын кызматтардын тыңчылары иштеп, кураторлордун буйругу менен камактагыларды кыйнап, тиешелүү көрсөтмөлөрдү алууга ыңгайлашканын кошумчалаган.
Видео компроматтардын жардамы менен камактагылар тиешелүү көрсөтмөлөрдү берип, тергөөчүлөр даярдаган кагаздарга кол койгон учурлары боюнча далилдер чыккан.
Биринчи видео архивде түрмөнүн ичине окшогон жайда бир нече киши керебетке байланган бир кишини уруп-согуп, сексуалдык кордук көрсөтүп жатканы тартылган. Анда бул окуя былтыр февраль айында болгону белгиленген.
Дагы караңыз
"Мен Малала" китеби кыргыз тилине которулдуПарламент Министрлер кабинети тууралуу мыйзам долбоорун карап жататКурсан Асановдуку делген аудио боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыктыМолдованын башкы прокурору камалдыДепутат Абжалиев мамлекеттин үлүшү бар ишканалар талкаланып жатканын айтты