Ички иштер министринин мурдагы орун басары, учурда абакта отурган Курсан Асановго таандык делген аудио боюнча экспертиза жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирди.
Жакупбекованын айтымында, социалдык тармакка тараган Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиону Орусиянын жана Казакстандын эки экспертизасы монтаждалган деп тыянак чыгарып берген.
"Социалдык тармакка тараган аудиону Орусия жана Казакстандагы адистешкен экспертизага жөнөткөм. Эки экспертиза тең аудио монтаждалган деген тыянак чыгарып берди. Алты жеринен монтаждалыптыр", - деди Жакупбекова.
Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаардык сотунда “Бийликти күч менен басып алууга" шектелип камакка алынган Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын арызы каралат.
14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.
Анын алдында интернетте Асанов менен Сарыбаевдин телефондон сүйлөшкөнү делген аудио тараган. 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев да кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.
16-сентябрда Асанов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына эки айга камалган. Асановдун адвокаттары №50 колонияда өтө оор кылмыш жасагандар отурарын, 2015-жылы абактагылар күзөт кызматкерлерин өлтүрүп качып кеткен окуя ошол жерде болгонун белгилеген.
Асановго буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып келатат.
Быйыл январь айында ага 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу "Имаратты жана мекемени басып алуу" деген берене боюнча да айып тагылган.
Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган болчу. Анын сотунда күбөлөрдүн көбү актаган көрсөтмө берип жатканын 16-июнда жактоочулары билдирген. (МТа)
Дагы караңыз
Депутат Абжалиев мамлекеттин үлүшү бар ишканалар талкаланып жатканын айтты УКМК маңзат менен кармалган чек арачыга мурда да кылмыш иши козголгонун билдирдиМолдованын башкы прокурору камалды