Молдованын башкы прокурору камалды

Молдованын башкы прокурору Александр Стояногло

Парламенттик оппозиция тарабынан дайындалган башкы прокурор Александр Стояногло кызматынан алынып, коррупцияга шектүү катары камакка алынды.

Молдованын чалгын жана коопсуздук кызматы башкы прокурордун кеңсеси менен үйүн тинтип, андан соң аны Кишиневдогу тергөө абагына жеткирди.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча прокурор Виктор Фуртуна Александр Стояногло кызмат абалынан кыянат пайдаланууга, кызматтык милдеттеринен аша чабууга жана коррупцияга айыпталып жатканын билдирди.

Президент Майя Санду Москва колдогон мурдагы мамлекет башчысы Игор Додонду былтыркы шайлоодо утуп чыккан.

Игор Додон президент болуп турганда 2019-жылы Александр Стояноглону башкы прокурорлукка дайындаган.

Дагы караңыз

Химиялык куралга тыюу салуу уюму Орусияга Навальный боюнча суроо жөнөттүУКМК маңзат менен кармалган чек арачыга мурда да кылмыш иши козголгонун билдирдиДепутат Абжалиев мамлекеттин үлүшү бар ишканалар талкаланып жатканын айтты