5-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу Ооганстандагы кырдаалды талкуулаганын Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады.
Бул эки лидердин телефондук сүйлөшүүсү Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сентябрь айынын соңунда Дүйшөмбү менен “Талибандын” өкмөтүн жарашууга чакыргандан кийинки биринчи түз баарлашуусу.
Талибдер менен диалогду колдогон Орусиянын президенти Владимир Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду Кабулдагы “Талибандын” бийлигине карата мамилесин өзгөртүүгө үндөбөгөнү такталган эмес.
Кремлдин тараткан расмий билдирүүсүндө эки лидер Ооганстандагы соңку кырдаалды талкуулап, дайыма байланышта болуп турууну макулдашканы гана жазылган.
Ал эми Тажикстандын президентинин расмий сайтындагы маалыматта тараптар коопсуздукту чыңдоого байланыштуу маселелерди талкуулап, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасаганы айтылат.
Дагы караңыз
"Центерра Голд" кыргыз бийлигин сындаган билдирүү тараттыРумыниянын өкмөтү отставкага кеттиШайлоо-2021: "Ар-Намыс" менен "Улуттар биримдиги" бириктиОш шаарынын 3021 жылдыгы белгилендиАкыйкаттык издегендер Оштон Бишкекке жөө жөнөдү