ЖЭБдин ишке киргенине 60 жыл болду

 Бишкек жылуулук электр борбору 1958-жылы курулуп баштап, 1961-жылы ишке кирген.

Учурда ЖЭБде казан мештерди жана башка жабдыктарды тейлеп, 1,5 миң киши эмгектенет. Бир сменде 14 кишиден турган бир нече бригада иштейт.

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жылына 1,5 миллион тоннадан ашык көмүр сарптайт.

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жылына 1,5 миллион тоннадан ашык көмүр сарптайт.

Казан мештеги температура 1000 градустан ашат.

Казан мешке көмүр автоматташтырылган система аркылуу салынат.

Бишкек ЖЭБи.

Ишкананын ички көрүнүшү.

ЖЭБде иштегендер.

Бишкек жылуулук электр борбору бир суткада орточо эсеп менен 1 миллион 190 миң киловатт-саат энергия иштеп чыгат. Кышында ал 7-7,5 миллион киловатт-саатка чейин чыгат.

ЖЭБдеги иш мезгили.

ЖЭБ химиялык, механикалык, борбордук оңдоп-түзөө, электр, буу казан жана башка болуп жалпы тогуз цехтен турат.

ЖЭБДе суу буу казандарга куюлардан мурун химиялык тазалоодон өтөт.

Бишкек жылуулук электр борборунда электр энергиясы да өндүрүлөт. Мурда ЖЭБ жылына 1,2 млрд. кВт/саат электр өндүрсө, быйыл көлөм 2-3 миллиардга чейин жетиши мүмкүн экени пландалган.

Соңку жылдары суук түшкөнү Бишкекти ыш каптайт. Буга ЖЭБден чыккан түтүн да таасир берип жатканы айтылып жүрөт. Борбордон чыккан түтүн Бишкектеги ыштын 14% гана түзөт дегендер да бар.
 

2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде катуу авария болуп, бишкектиктер кычыраган суукта бир нече күн жылуулуксуз калган. Аварияга чейин ЖЭБ $386 миллион кытайлык насыяга модернизацияланган болчу.

2018-жылдагы авариядан кийин ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча кылмыш иши козголгон.  

ЖЭБдин көмүр калдыктары ташталган жайы.

Иштетилген суу төгүлгөн жай.

Бишкекти жылуулук менен камсыз кылган жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 1961-жылы сентябрда ишке кирген. Учурда ишканада 1600 киши иштейт.