Ош шаарынын 3021 жылдыгы белгиленүүдө

Ош шаарынын бир көрүнүшү. Сулайман-Тоонун боорундагы мечит.

5-октябрда – Ош шаарынын күнү белгиленүүдө. Мэриянын басма сөз кызматы бул күнү калаадагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин майрамдык жүрүшү жана гала-концерти болорун кабарлады.

Борбордук аянттагы концертке Кыргызстандын, Өзбекстандын, Орусиянын ырчылары катышат.

Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда белгиленет. Болжол менен 30 кылым мурда түптөлгөн калаага 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген.

Майрамга шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражат сарпталат.

Дагы караңыз

Керимбек Калыкулов Ош мэриясынын басма сөз катчысы болдуАтамбаевдин шайлоого жолун тоскон "Батукаев иши"Өзбекстанда радикал топторго көзөмөл күчөтүлдүБалбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт